Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Кыргызстан боюнча 20 миңден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат — ИИМ
10.10.2026 | 17:57

Кыргызстанда «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында 20 миңден ашык видеокөзөмөл камераларын орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен коомдук коопсуздукту жогорулатуу максатында ишке ашырылууда.

Ведомствонун маалыматы боюнча, камералар кылмыштар менен укук бузууларды ыкчам аныктоого, ошондой эле жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

ИИМден кылмыштуулуктун алдын алуу жана жолдордогу коопсуздукту күчөтүү максатында санариптик технологияларды киргизүү улантыларын белгилешти.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом