Бишкекте №40, №44 жана №227 автобустардын каттамдары өзгөрдү

Бишкекте коомдук транспорттун каттам тармагын оптималдаштыруунун алкагында бир нече автобус каттамынын жүрүү схемасы өзгөртүлдү.
№40 каттамы эки өзүнчө — №40 жана №44 каттамдарына бөлүндү. №40 каттамы «Жаңы ипподром — Чыңгыз Айтматов проспекти» багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташыйт. Каттамды бөлүү жүргүнчүлөрдүн агымын натыйжалуу бөлүштүрүүгө, күтүү убактысын кыскартууга жана коомдук транспорттун жүрүү ылдамдыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Жаңы бөлүштүрүүнүн алкагында каттамдардын жүрүү схемасы жана аялдамалары аныкталат.

Мындан тышкары, №227 каттамынын жүрүү схемасы өзгөртүлдү. Буга чейин ал Тагай бий көчөсү аркылуу жүрчү, бирок бул көчөдө башка автобустар да каттайт. Ал эми ага параллелдүү жайгашкан Каркыра көчөсүндө коомдук транспорт жок болчу. Ошондуктан каттам Каркыра көчөсүнө которулду. Мунун натыйжасында бул аймактын тургундары коомдук транспорт менен камсыз болуп, каттам тармагы бир кыйла тең салмактуу бөлүштүрүлөт.

Мэриянын маалыматы боюнча, оптималдаштыруу автобус паркын натыйжалуу пайдаланууга, тыгындарды азайтууга, экологиялык абалды жакшыртууга жана коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Бишкектин каттам тармагын өркүндөтүү боюнча иштер уланууда.