Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Анталияда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, абалы оор
05.08.2019 | 15:48
Түркиянын Анталия шаарындагы Топчулар районунда кыргызстандык кыз менен жигит жол кырсыгына кабылды. Алар оор жаракат алышты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Окуя кечээ 4-августка караган түнү болгон. Мотоциклде бараткан эки кыргызстандыкты катуу ылдамдыкта келе жаткан автомашина артынан сүзүп, качып кеткен.
«Кырсык болгон жерге Анталиянын полициясы жана «Тез жардам» кызматы барган. Жабыркаган кыздын белине оор операция жасалды. Жигит Анталия шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Учурда жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү түрк жараны кармалганы белгилүү болду», – деп жазылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар