Бишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстүБайыркы жазуудан мультфильмге чейин: КРда мамлекеттик тил программасы кеңейтилет
АКШдагы кол салуудан курман болгондордун арасында кылмышкердин карындашы да болгон
05.08.2019 | 16:08
АКШнын Огайо штатындагы куралдуу кол салуудан курман болгондордун арасында кылмышкердин карындашы да болгон. Бул тууралуу жергиликтүү полицияга таянып Fox News жаңылыктар кызматы кабарлаган.
Полиция элге ок аткан адамдын өздүгүн тактаган. Ал Беллбрук шаарнын 24 жаштагы тургуну Коннор Беттс болуп чыккан.Анын куралынан атылган ок 9 адамдын өмүрүн алып, 16 адамды жаракат кылган.
Каза болгон адамдардын арасында кылмышкердин карындашы 22 жаштагы Меган Бетс да болгон.
Алдын ала маалыматтарга караганда кылмышкерди имаратка киргизбей койгон соң ал элге карай ок атып баштаган.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар