Анталиядагы жол кырсыктан Кыргызстандын жараны каза болду

Анталиядагы жол кырсыктан Кыргызстандын жараны каза болду

Анталияда Кыргызстандын жараны жол кырсыктан каза болгонун Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 9-апрелде билдирди.

Буга чейин түрк маалымат каражаттары 8-апрелге караган түнү болгон жол кырсыгы тууралуу маалымдаган. Жергиликтүү тургун рулду башкара албай калып, унаа эстакадалык көпүрөнү сүзгөн. Натыйжада унаа экиге бөлүнүп, ал күйүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 27 жаштагы Сулейман Байрам менен 29 жаштагы кыргызстандык Бактыбек кызы Айпери (1993-жылы туулган) каза болгон. Дагы бир 23 жаштагы кыргызстандык Даткайым Асыркулованын сөөгү сынып, көкүрөгүнөн жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Дагы бир жүргүнчү, Польшанын жараны, 28 жаштагы Магдалена Маевская да ооруканада. Учурда Башкы консулдук жүк-200 жөнөтүү маселесинин үстүндө иштеп жатат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>