БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Apple жаңы iPhone 17ни тааныштырды: күчтүү батарея жана жаңы түстөр
10.09.2025 | 09:55

Apple компаниясы жаңы смартфондорун – iPhone 17, iPhone 17 Air жана iPhone 17 Proну тааныштырды.
Маалыматка караганда, iPhone 17 жаңы A19 чиптери менен иштейт. Анын алты ядролуу негизги жана беш ядролуу графикалык процессору бар. Мурунку моделге салыштырмалуу батареясы сегиз саатка көп иштеп, Qi2 зымсыз кубаттоо стандартын колдойт.
Негизги өзгөчөлүктөрү:
- 6,3 дюймдук экран;
- беш түс: кара, кызгылт көк, көк, жашыл жана ак;
- тез кубаттоо мүмкүнчүлүгү.
Баасы:
- iPhone 17 – 799 доллардан,
- iPhone 17 Air – 999 доллардан,
- iPhone 17 Pro – 1099 доллардан башталат.
Эскерте кетсек, жаңы смартфондордун сатылышы 19-сентябрда башталат.