БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Бишкекте ТМУга мүчө өлкөлөрдүн муфтийлеринин VI жыйыны өтөт
10.09.2025 | 09:30

Эртең, 11-сентябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI жыйыны өтөт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы билдирди.
Маанилүү иш-чарага Азербайжан, Түркия, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын башкы муфтилери жана ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышат.
Ошондой эле жыйындын алдында «Сиражуддин ал-Оший жана анын ислам илимдерине кошкон салымы» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, жыйын Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өтүп жатат жана Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен уюштурулууда.