Апта ичинде кимдер жетекчилик кызматка дайындалды?

Апта ичинде кимдер жетекчилик кызматка дайындалды?

Кыргызстанда ушул жылдын 10-июлунан 14-июлуна чейин бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Reporter.kg апта ичинде кызматка дайындалган жетекчилерди тизмектеди.

Айбек Артыкбаев Кыргызстандын Монголиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 8-июлда кол койгон.

Буга чейин Айбек Артыкбаев тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген. Белгилей кетсек, 11-июлда Улан-Батор шаарында Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги ачылды.

Ибраимов Айбек Султанович Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси болуп дайындалды.

Айбек Ибраимов бул кызматка министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен дайындалган.

Буга чейин ал Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин директору болуп иштеген.

Салтанат Токтосунова Талас шаарынын вице-мэри болуп дайындалды.

Буга чейин бул кызматта президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп келген Мира Сейдикеримова иштеген.

Салтанат Токтосунова буга чейин Кант жана Талас шаарларынын мэрияларында иштеген.

Алмаз Мамбетов Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын теңтөрагасы болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Ал үч жылдык мөөнөткө дайындалды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>