Апта ичинде кимдер жетекчилик кызматка дайындалды? Тизме

Апта ичинде кимдер жетекчилик кызматка дайындалды? Тизме

Кыргызстанда ушул жылдын 22-майынан 26-майына чейин бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Reporter.kg апта ичинде кызматка дайындалган жана кызматынан алынган жетекчилерди тизмектеди.

Карагулов Мирлан Кынатбекович Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин Карагулов Тогуз-Торо районунун акими болуп иштеп келген.

Рысбаева Аида Жолочуевна билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү тескемеге министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койгон.

Буга чейин министрдин орун басары болуп иштеген Надира Жусупбекова 2023-жылдын 11-майында өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Шатманов Самат Бектурович Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору болуп дайындалды.

Самат Шатманов буга чейин аталган ведомствого караштуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп иштеген.

Талант Мамыралиев Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын төрагасы болуп дайындалды. Ал апрель айында Евгения Судецтин ордуна келген.

Улан Сарбановдун башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын директорлор кеңеши тарабынан шайланган. Талант Мамыралиев — КРнын каржы министринин коомдук кеңешчиси.

Улан Сарбанов Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болду.

Май айынын башында министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Темирбек Эркинов коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Соттун чечими менен ал УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркын Азис Абакиров жетектеди.

Директорду алмаштыруу чечимин Байкоочу кеңеш кабыл алган. Жогорку технологиялар паркынын мурдагы жетекчиси Чубак Темиров анын орун басары болду.

Эске салсак, Азис Абакиров Жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүсү. Буга чейин ал анын директору болгон жана кайрадан бул кызматка келди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>