Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолундагы үйлөрдүн ээлерине кенемте төлөнөт

04.06.2026 | 17:54
«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу боюнча жыйын

4-июнда Жалал-Абад облусунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу көчмө жыйын өттү. Анда темир жол өтө турган аймактардагы жергиликтүү жарандардын турак жайлары үчүн кенемте төлөө жана жер участоктору боюнча маселелер талкууланып, тиешелүү протоколдук тапшырмалар берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, мамлекеттик органдардын жана биргелешкен темир жол компаниясынын өкүлдөрү катышты.

Эрлист Акунбеков ошондой эле Жалал-Абад туннелинин курулушу менен таанышты. Ал бул долбоор Чыгыш менен Батышты байланыштырган стратегиялык көпүрө болорун белгиледи.

Белгилей кетсек, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна 2024-жылдын 27-декабрында Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстандын лидерлеринин катышуусунда старт берилген. Бул долбоор темир жолдун 40 пайызы туннелдерден жана көпүрөлөрдөн турган татаал инженердик объект болуп саналат.

Кыргызстандын аймагындагы темир жолдун узундугу 304 чакырымды түзөт. Долбоордо 50 көпүрө жана 29 туннель куруу каралган (жалпы узундугу 120 чакырым). Курулуштун жалпы наркы — 4 млрд 700 млн доллар.

Scroll to Top