Чүй облусунда 1250 гектар жерде зыянкеч чегирткелер аныкталдыСтуденттерге контракттык окуу үчүн жеңилдетилген насыя берүү сунушталдыДепутат мэриянын «Өлбөс полктун» уюштуруучуларын тоготпой жатканына нааразы болдуҮч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо иштери жүрүүдөСадыр Жапаров Тогонун премьерин кабыл алды: африкалык республиканын өкмөт башчысы аскерлер менен кыргызча саламдаштыКыргызстандын хоккей боюнча өспүрүмдөр курамасы Макаону 15:0 эсебинде жеңди
Арашанда постто ок аткандардын окуясын милиция териштирип жатат
19.04.2020 | 16:49
Аламүдүн районунун Арашан айылындагы постто болгон атышууну милиция териштирип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлайт.
Түзүмдүн маалыматына ылайык, окуя боюнча Аламүдүн райондук миилциясына 18-апрель күнү саат 20:47 чамасында маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге барган ыкчам топ, он чакты белгисиз адам саат 14:30 чамасында айылдагы посттон квадрацикл менен өтүүгө аракет кылышканын, ыктыячы кызматчылар аларды посттон өткөрбөй коюшкан соң бир нече жолу ок чыгарып, белгисиз тарапка качып кетишкенин аныкташкан.
Учурда бул факты бейбаштык беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, окуяга тиешеси барларды аныктоо иштери башталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар