Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Араван районунда аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 адамга айып пул салынды
08.10.2026 | 11:44

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош аймактык башкармалыгы Ош-Баткен мергенчилер жана балыкчылар коому менен биргеликте Араван районунун аймагында рейд өткөрдү. Анын максаты — жаратылыш ресурстарын коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо.
Рейддин жүрүшүндө аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган төрт жаран аныкталды. Бул фактылар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык төрт протокол түзүлүп, айып пулдар салынды.
Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар арасында аңчылык жана балык уулоо эрежелерин так сактоо, жаратылыш ресурстарына аяр мамиле кылуу жана мыйзам талаптарын бузбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: минприроды