ЖКда балдардын Roblox оюнуна жеткиликтүүлүгүн чектөө сунушталды

08.10.2026 | 11:16
В ЖК предложили ограничить доступ детей к Roblox — Новости Кыргызстана

Жогорку Кеңештин депутаттары 7-октябрда биринчи окууда бинардык опциондор түрүндө кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун жактырышты. Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Жумабек Салымбеков экинчи окууга балдардын Roblox онлайн оюнуна жеткиликтүүлүгүн чектеген нормаларды киргизүүнү сунуштады.

Салымбековдун айтымында, учурда бул оюнду 5–10 жаштагы балдар ойношот жана ал онлайн-казинодон эч айырмаланбайт.

«Машина, оюнчук, баш кийим сатып алуу керек — мунун баары акча турат. Чектөө киргизип, көзөмөлдөө зарыл. Бала кезинен келечекте казино ойноого шарт түзүлүп жатат. Ал жерде ар бир аракет акча талап кылат, сатып алуулар 3 доллардан 100 долларга чейин турат. Эне сүтү оозунан кете элек балдарыбыз ата-энесин банк карталарын оюнга байлап, сатып алууларды жасоого мажбурлап, ыйлап-өкүрүшөт. Мурдагыдай аларды көчөгө чыгарып ойното албайсың. Азыр токтотпосок, балдарыбыздын келечегинен ажырайбыз», — деди депутат.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Кайрат Маматов жарандарга 16 жашка чейин банк карталары ачылбай турганын айтты. Анын айтымында, карталарды оюндарга ата-энелер өздөрү байланыштырышат жана бул алардын жоопкерчилиги.

ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиев 7 жаштагы уулу оюндан машина сатып алганын жана футболчу Криштиану Роналду менен сүйлөшкөнүн айтып мактанганын билдирди. Спикердин айтымында, бала өзүнүн чочконун ичиндеги акча салгычын ачып, андагы бардык акчаны короткон.

«Албетте, мен бул тиркемени өчүрүп салдым. Бирок муну эске алуу керек», — деп кошумчалады ал.

Депутат Улан Сариев бинардык опциондор боюнча транзакцияларды жүргүзгөн банктарга лицензиясынан ажыратууга чейин жаза чараларын карап чыгууну сунуштады.

Scroll to Top