Кыргызстандын жаштары атом тармагын өнүктүрүүнүн жол картасын түзүштү

08.10.2026 | 12:46
Молодежь Кыргызстана составила дорожную карту развития атомной отрасли — Новости Кыргызстана

7-октябрда Бишкекте «Атом энергетикасынын артыкчылыктары жана келечеги» аттуу Улуттук жаштардын атомдук диалогу өттү. Иш-чара Энергетика министрлигинин, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жана «Росатомдун» колдоосу менен уюштурулду. Ага 100дөн ашык студент, жаш адис, мамлекеттик органдардын, билим берүү жана илимий коомчулуктун, ошондой эле жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар Кыргызстанда атом тармагын өнүктүрүү боюнча Жаштардын жол картасын түзүштү. Ага билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, кесиптик багыт берүү, жогорку окуу жайлардын атом тармагы менен кызматташуусу жана жаш адистерди эл аралык долбоорлорго тартуу боюнча демилгелер киргизилди. Сунуштар 2026-жылдын 19–24-октябрында Ташкентте өтө турган Эл аралык жаштардын атомдук лагеринде мындан ары иштеп чыгуу үчүн сунушталат.

Кыргызстандын жаштары атом тармагын өнүктүрүүнүн жол картасын түзүштү — Новости Кыргызстана

Катышуучулар кадрларды даярдоо, атом энергетикасынын коом тарабынан кабыл алынышы жана жогорку технологиялык тармактарда жаш адистер үчүн кесиптик мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты. Билим берүү жана кесип тандоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тематикалык топтордо студенттер атом тармагында тиешелүү билим алып, карьера курууга мүмкүнчүлүк түзүү боюнча конкреттүү сунуштарды беришти. Ошондой эле алар мамлекеттин жана тармактын өкүлдөрү менен ачык диалог жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Энергетика министринин орун басары Бекнур Маратович:

«Биз үчүн заманбап технологиялык чечимдерди издөө гана эмес, бул чечимдерди ишке ашыра ала турган адистерди алдын ала даярдоо да маанилүү», — деп белгиледи.

Илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Нарынбек Кубатбек уулу жаштарды тарт

Теги: росатом
Scroll to Top