Четтен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда«Балага сүйүнчү» жөлөк пулуна кантип «Түндүк» тиркемеси аркылуу арыз берүүгө болотМажбурлоосуз улуттук иденттүүлүк: Кыргызстанда жаңы мыйзам сунушталуудаЖалал-Абад облусунда кармалган адам милициядагы кыйноолорго даттандыАймен Касенов Кыргызстандын президенттигине талапкер болуу үчүн БШКга арыз берди
Араван районунда эки аткаминер пара алып жаткан жеринен кармалды
13.08.2026 | 14:02

Ош облусунун Араван районунда Төө-Моюн айыл аймагынын жооптуу катчысы жана башчысынын орун басары пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын УКМКсы (Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети) билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («Пара талап кылуу») боюнча кылмыш иши козголгон.


Тергөө маалымдагандай, кызмат адамдары орнотулган конструкцияны бир жер тилкесинен экинчисине которуу маселесин оң чечип берүү үчүн акча талап кылышкан.
12-августта Төө-Моюн айыл аймагынын жооптуу катчысы Г. У. А. өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын алып жаткан жеринен (кылмыш үстүндө) кармалган. Ошондой эле, УКМК кылмышка катыштыгы бар деп эсептеген айыл аймак башчысынын орун басары И. М. А. да кармалды.
Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.