Жасалма документтер аркылуу унааны каттоого аракет кылышкан. Чүйдө 4 эркек киши кармалды

Чүйдө жасалма документтер аркылуу унааны мыйзамсыз каттоого аракет кылууга шектелип жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 3-июлда Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Сокулук-Москва райондук бөлүмүнө 31 жаштагы К.Д. аттуу жаран «Belgee X50» үлгүсүндөгү автоунааны мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн документтерди тапшырган.
Текшерүү учурунда автоунаанын каттоо күбөлүгү, сатып алуу-сатуу келишими, ишеним каттын бланктары жана коштомо накладнойу жасалма экени такталган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган транспорт каражаты буга чейин Орусиянын аймагында каттоодо турганы жана лизингде болгону аныкталган. Документтерде унаанын Кыргызстанга киргизилиши жана жөнөтүүчү тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтар көрсөтүлгөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Документтердин жасалмасын жасоо» беренеси менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары 31 жаштагы К.Д., 36 жаштагы К.К., 25 жаштагы К.И. жана 32 жаштагы Э.Б. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери улантылууда.