КР Министрлер кабинети алюминий сыныктарын, анын ичинде ЕАЭБге чыгарууга тыюу салууну сунуштоодоБишкек мэри Жапаровдон эмне үчүн тил укканы жана президент менен туугандыгы тууралуу имиштер боюнча жооп бердиЭр-Рияддагы аэропортко экинчи жолу чабуул жасалды. Кыргызстандын ТИМи соккуларды айыптадыЖапаров Кадамжай районунун өнүгүү жыйынтыктары жана жаңы долбоорлор менен таанышты«Өзүң уурдаба жана башкаларга уурдатпа»: Жунушалиев КР президентинин талабын эске салдыЖапаров 16 жаштагы кыз менен байланышы үчүн соттолгон жаранга ырайым кылуу өтүнүчүн четке какты
Араван районунда газоблок заводу курулууда
12.08.2026 | 16:29

Ош облусунун Араван районунда газоблок заводу курулуп жатат. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор 4,82 гектар аянтты ээлейт жана сметалык баасы 1 миллиард сомду түзөт.
Ишкана жылына 300 миң куб метр газоблок өндүрүүгө эсептелген. Өндүрүш үчүн чийки заттын 90%ы Кыргызстандын түштүк аймагындагы кендерден алынат. Ошондой эле завод ишке кирсе 70 жумуш орду түзүлөт.
Ишкананы пайдаланууга берүү 2026-жылдын аягына пландалган. Эсептөөлөр боюнча, заводдон бюджетке жылына 200 миллион сом өлчөмүндө салык жана социалдык төлөмдөр түшөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом