Кыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүнМинистрлер Кабинети 2027-жылы Кыргызстандын ИДПсы 2,7 трлн сомго жетерин болжолдоодоТокмокто улгайган аялды өлтүрүүгө шектелип 28 жаштагы эркек киши кармалдыКР Министрлер кабинети алюминий сыныктарын, анын ичинде ЕАЭБге чыгарууга тыюу салууну сунуштоодоБишкек мэри Жапаровдон эмне үчүн тил укканы жана президент менен туугандыгы тууралуу имиштер боюнча жооп бердиЭр-Рияддагы аэропортко экинчи жолу чабуул жасалды. Кыргызстандын ТИМи соккуларды айыптады
Таш-Көмүрдөгү «Капитальная» көпүрөсү эс алуу жайына айландырылат
12.08.2026 | 16:56

Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарындагы «Капитальная» көпүрөсү туристтик объектиге айландырылат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул көпүрө мурда көмүр ташуу үчүн колдонулуп, Советтер Союзу тарагандан бери пайдаланылбай келген. Шаардын туристтик дараметин арттыруу максатында 1,96 гектар аянтты ээлеген бул аймакты заманбап эс алуу жайына айландыруу сунушталууда. Учурда анын эскиздик долбоору даярдалды.
Долбоорго ылайык, аймакта ресторан, панорамалык «A-frame» үйлөрү жана эс алуу аллеясы жайгаштыруу каралган. Учурда эскиздик долбоор жергиликтүү мамлекеттик органдардын кароосуна жөнөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом