Министрлер кабинети ак кантты, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташып келүүгө алты айга тыюу салдыУлуттук музейде Лейлек килемдеринин фестиваль-жарманкеси ачылдыКыргызстан коррупцияга каршы күрөшүү тажрыйбасын Душанбеде тааныштырдыЫсык-Көлдө эки эс алуу жайынын курулушу токтотулуп, компанияларга айып пул салындыКыргызстанда ӨК учурунда бирдиктүү штаб соцтармактардагы ушактар менен фейктерге байкоо салатЕвразиядагы коопсуздук: ЖККУнун альтернативасы эмне үчүн жок?
Арча-Бешик конушунда бала бакчанын курулушу аяктап калды
18.07.2023 | 19:22
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Арча-Бешик конушунда бала бакча курулууда.
Мэриядан маалымдашкандай, имарат 2 кабаттуу, жер төлөсү жок. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 8 топ, 180 орунга эсептелген. Жалпы аянты 1889,3 чарчы метрди түзөт.
Учурда ички жасалгалоо жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Курулуш иштерин “КББ” ЖЧКсы подряддык уюму жүргүзүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом