Армениянын премьер-министри Пашинян официанттан коронавирус жуктуруп алган

Армениянын премьер-министри Пашинян официанттан коронавирус жуктуруп алган

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян коронавирус жуктуруп алганын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Пашиняндын айтымында, анда оорунун эч кандай белгилери болгон эмес, бирок ал коронавирусту аныктоочу тест тапшырып көрүүнү чечкен.  

“Тесттин жыйынытыгында менде коронавирус аныкталды”, — деди ал.

Мындан тышкары анын үй-бүлөсүндөгүлөр бары вирус жуктуруп алышкан.

«Алар ооруну анча деле сезишпей эле, кадимкидей эле дене таптары көтөрүлүп жатат. Барыбыз өзүбүздү изоляцияга алдык. Ал эми мен үйдөн чыкпай иштей берем, ал үчүн бардык шарттарым бар», — деди Армениянын өкмөт башчысы.

Пашинян кафелердин биринде жолугушууда отуруп, официанттан коронавирус жуктуруп алганын божомолдойт.

«Мен официант кол капсыз элди тейлеп жатканын байкадым да ага дароо кол кап кийүүсүн эскерттим. Бирок буга чейин алар кол капсыз иштешкен деп ойлойм. Анткени официанттан коронавируска тест алынып, андан дагы коронавирус тастыкталды», — деди Пашинян.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>