Артем Новиков Баткен жана Ош облустарына барат

Артем Новиков  Баткен жана Ош облустарына барат

Премьер-министрдин м.а., биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков эки күндүк иш сапары менен Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, иш сапардын алкагында өкмөт башчынын м.а. өндүрүш объектилеринин иши менен таанышып, Исфана шаарындагы аэропорттун ачылыш аземине катышат жана Кадамжай шаарындагы оорукананын курулуш ишинин жүрүшүн көрөт.

Ошондой эле жумушчу сапардын алкагында ушул жылдын 8-декабрында Өзбекстандын Фергана шаарында өтө турган Кыргызстандын Өкмөтүнүн чек арага чектеш облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чек ара аймактарынын акимдеринин жыйынына катышат.

Иш сапардын соңунда Артем Новиков «Иркештам» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышат.

Белгилей кетсек, Артем Новиков кечээ Нарын облусуна иш сапары менен барып келген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>