Ашхабадда ундун тартыштыгынан наабайканалар жабылууда

Ашхабадда ундун тартыштыгынан наабайканалар жабылууда

Түркмөнстанда ун жана нан тартыш болуп жаткан маалда Ашхабадда ондогон наабайкана өз ишин токтотууга аргасыз болду. Натыйжада жеке сектордогу жүздөгөн киши жумушсуз калды.

Маалыматка караганда, бир апта мурун Ашхабадда 30дан ашуун жеке наабайкана ишин токтоткон.

“Айрым ишканаларда 10дон аял иштеген. Натыйжада наабайканалардын жабылганынан жүздөгөн киши жумушсуз калды”, — деп билдирди жабылып жаткан бир ишкананын кызматкери.

Наабайканалардын кызматкерлеринин айтымында, жумушту токтотууга жергиликтүү өндүрүштөн чыккан ундун жоктугу, импорттолгон ундун баасынын кымбаттыгы себеп болду.

Түркмөнстанда акыркы бир нече жылдан бери азык-түлүк тартыштыгы өкүм сүрүүдө.

Бийлик болсо өкмөт жыйындарында жылына 1 миллион 400 миң тонна буудай түшүмү жыйналып жатканын айтып, каатчылык жөнүндөгү маалыматтарды төгүндөп келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>