Сом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилдиГутерриш: кийинки пандемия сөзсүз болот, ага азыртан даярдануу керекУКМК айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысын аныктады«Чекиш-Ата» базарында эркек киши ок чыгарды — жабыркаган адам бар
Бишкек: Таштанды полигонун рекультивациялоо жанданат
19.10.2021 | 18:07
Бишкек санитардык полигонунда рекультивация иштери жанданды. Бул туурасында баш калаанын басма сөз кызматы билдирди.
Мэрия сентябрда эки жолу Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкына кат жолдоп, эстониялык компания менен келишимди бузуу ниетин билдирген. Буга подрядчы компаниянын бир жарым жылга өлкөдөн кетиши, иштин токтоп калышы себеп болгон.
“Бир нече жолку сүйлөшүүдөн кийин подрядчы компания жакын арада ишти баштоо ниетин билдирди. Шаардын таштанды таштоочу жайындагы түтүндү жок кылуу иш-чараларынын планы түзүлүп, бекитилди. Ага эки ай убакыт берилди. Ишти мөөнөтүндө бүткөрбөй, шарттарын аткарбай коюу келишимди бузууга негиз болот”, — деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом