Асман шаарынын курулушу 30-июнда башталат

Асман шаарынын курулушу 30-июнда башталат

Ысык-Көл облусунда экологиялык Асман шаарынын курулушу 30-июнда башталат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, ири долбоордун курулушуна президент Садыр Жапаров капсула салат.

“Асман шаары – төрт мезгили бар, ажайып кооз, ак мөңгүлү тоолордун курчоосундагы Ысык-Көлдүн жээгине түшөт. Президент Садыр Жапаров баштаган ишин сөзсүз аягына чыгарат. Убакыт учкан куш. Бүт дүйнөнүн эли агылып келе турган Борбор Азияда шаар пайда болот, ал – Асман!”, — деп жазды Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына.

Буга чейин Садыр Жапаров 30-майда Чолпон-Ата шаарындагы сейил бактын ачылышында сүйлөп жатып  Асман шаарынын долбоорун, кагаздарды даярдоого 1,5 жыл убакыт кеткенин айткан.

«Асман шаарынын долбоору даяр болуп калды. 30-июнда капсуласын салабыз. Ал шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашайт деп пландоодобуз. Аянты 4 миң гектарды түзөт», — деген ал.

Жапаров билдиргендей, Асман шаарын сырттан келген инвесторлор курат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>