Асман шаарынын курулушу качан башталары айтылды

Асман шаарынын курулушу качан башталары айтылды

Асман шаарынын курулушу май айында башталат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.

Ал долбоор токтоп калганы боюнча маалыматтарды четке какты.

Каныбек Туманбаев президент капсула салган курулуштардын баары жүрүп жатканын белгилейт.

«Ниет оңолсо иш оңолот, андыктан жакшы максаттар дагы ишке ашат. Асман шаарын куруу долбоору тууралуу эмне деген гана ушактар айтылган жок. Ал тургай “ушул долбоор ишке ашпай калса экен”- деп тилегендерди дагы көрдүк. Кудай буюрса май айында баштайбыз», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Асмандын курулушуна 2023-жылдын 30-июнунда старт берилген, бирок андан бери эч кандай иштер жүргүзүлө элек.

Аталган курулуштун бийликтин дымактуу долбоорунун бири катары сыпатталып, көл боюнда экологиялык ири объект пайда болору кабарланган. Ага француз жана башка инвесторлор кызыгып жатканы маалымдалган. Шаардын курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептелген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>