Судьяга пара берүү шылтоосу менен алдамчылык кылууга шектелип жактоочу кармалды

04.06.2026 | 17:05
УКМК тарабынан кармалган паралар

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) сотко пара берүү шылтоосу менен алдамчылык кылууга шектелип К.Н.Б. аттуу жаран жана жактоочу К.Д.Д. кармалганын билдирди.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, аталган адамдар УКМКнын тергөө абагында жаткан айыпталуучу К.Ж.ны абактан чыгаруу жана сотто актоо чечимин чыгарууга көмөктөшүүнү убадалап, анын тууганынан 300 миң доллар (26 млн 235 миң сом) талап кылышкан.

4-июнда жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында К.Н.Б. жана К.Д.Д. пара алып жаткан жеринен кармалышкан. Алардан акча каражатынын бир бөлүгү — 100 миң АКШ доллары табылып алынды.

Бул факт боюнча КР Башкы прокуратурасы тарабынан жактоочу К.Д.Д.га карата дагы өзүнчө кылмыш иши козголду. Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген эки жаран тең УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги: УКМК
Scroll to Top