Унаадан селге секирген: Ысык-Көлдө сел агызып кеткен өспүрүм изделүүдө

06.06.2026 | 14:12
Ысык-Көл облусунда болгон сел

Кечээ, 5-июнда, Ысык-Көл районунун Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда болгон селден кийин дайынсыз жоголгон өспүрүмдү издөө иштери уланууда.

ӨКМнын маалыматында, куткаруучулар учурда Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынын тургуну болгон 8-класстын окуучусун издеп жатышат.

Маалым болгондой, күчтүү сел агымы жүрүп жаткан учурда өспүрүм унаалардын биринде болгон. Ал дүрбөлөңгө түшүп, унаанын ичинен түз эле селдин агымына секирип кеткен. Ал эми унаадагы калган жүргүнчүлөр жана айдоочу сыртка чыкпай, унаанын ичинде калып аман калышкан.

Учурда куткаруучулар дайынсыз жоголгон өспүрүмдү табуу үчүн издөө иштерин улантып жатышат.

Буга чейин ӨКМ селдин кесепетинен 18 жаштагы жигит каза болгонун маалымдаган. Нөшөрлүү жаандан улам тоо боору урап, сел суулары жана ылай жолду, эки эркек кишини жана эки автоунааны: «Mercedes Sprinter» жана «Ford Mondeo» басып калган.

Теги: Ысык-Көл
Scroll to Top