Президент Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолун «коррупциянын символу» деп атады

06.06.2026 | 13:56
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолундагы таш кулоо учуру тартылган тасма боюнча комментарий берди. Соцтармактагы баракчасына жарыялаган билдирүүсүндө өлкө башчысы аталган жолдун курулуш иштериндеги каржылык жагдайларга жана коопсуздук маселелерине токтолду.

Президенттин айтымында, жол жергиликтүү калктын өтүнүчү менен 1-июндан баштап ноябрга чейин убактылуу ачылган. Бирок объект толук бүткөрүлө электигине байланыштуу кооптуу жагдайлар сакталууда.

«Бул жолго убагында дээрлик 1 миллиард доллар сарпташкан. Болгону 388 км. 1 км жолдун баасы 2,29 млн доллар болгон. Жол эки тилкелүү. Салыштыруу үчүн айтсак, 2020-жылдан кийин эки тилкелүү жолдор эмес, төрт тилкелүү жолдор 1,3 – 1,5 млн долларга салынууда. Албетте эки тилкелүү жолдор бул баалардын жарымына бүтмөк. Кыскасы, бул жол коррупциянын символу болуп калды», — деп билдирди Садыр Жапаров.

Өлкө башчынын айтымында, жолго ири суммадагы каражат жумшалганына карабай, коопсуздукту камсыздоочу иштер аягына чыккан эмес. Учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бул кемчиликтерди жоюунун үстүндө иштеп жатат.

Учурда жолго жалпысынан 44 инженердик коргоо курулушун салуу пландалууда. Анын ичинде: кар көчкүдөн коргоочу 8 галерея, кардан коргоочу 22 курулма, 12 тирөөч дубал жана 2 эстакадалык көпүрө бар.

«Инженердик курулмалардын курулушу толугу менен 2027-жылдын аягында бүтөт. Ошону менен 2028-жылдын башында гана Түндүк-Түштүк унаа жолун толук кандуу пайдаланууга бере алабыз», — деп кошумчалады президент.

Садыр Жапаров жарандарды аталган жолдо жүрүүдө этият болууга, өзгөчө жаан-чачындуу күндөрү бул багыт боюнча жолго чыкпоого чакырды.

Scroll to Top