Кыргызстанда 95 млн долларга калдыктарды кайра иштетүүчү комплекс куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев Бишкектин Чыгыш айланма жолунун курулушун текшердиКыргызстан Кытайдын литий гиганты Ganfeng Lithium менен кызматташуу меморандумуна кол койдуКыргызстандын Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери Кореяда «акылдуу» дыйканчылык боюнча окуудан өтүштү«ВКонтакте» Кыргызстанда салык төлөй баштадыБишкекте жыл башынан бери автобустар катышкан 521 жол кырсыгы катталды
Шашылыш билдирүү! Айрым аймактарда сел жүрүү коркунучу сакталууда
06.06.2026 | 16:18

7-8-июнь күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Мындан улам жарандарга тоолуу аймактарга жана кооптуу жерлерге баруудан баш тартуу сунушталат. Өзгөчө кырдаал жаралган учурда 112 номерине чалуу зарыл.
Мекеме жергиликтүү бийлик органдарына жана жарандык коргонуу кызматтарына арыктарды, каналдарды тазалоо жана жээктерин бекемдөө тапшырмасы берилгенин кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом