Санкциялык тобокелдиктери бар 16 компания боюнча материалдар сотко өткөрүлдүТурак үйдөн 188 миң сом уурдап кеткен. Шопоковдо 29 жаштагы шектүү кармалдыДөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондогу жаңы чуркоо тилкесине зыян келтирилдиКыргызстан менен Оман биргелешкен инвестициялык фонд түзүү маселесин карашууда«Жылдын мыкты мугалими – 2026» сынагынын жеңүүчүсү аныкталдыКыргызстандагы «Гриппол Плюс» вакцинасы грипптин актуалдуу штаммдарына ылайык жаңыртылды — Саламаттык сактоо министрлиги
Көңүл бургула! 1-июнда Ала-Тоо аянтынын тегерегинде унаа кыймылы чектелет
31.05.2026 | 12:00

Бишкектин борборунда 1-июнда саат 16:00дөн 22:00гө чейин Балдарды коргоонун эл аралык күнүн майрамдоого байланыштуу Ала-Тоо аянтына чектеш жолдордун айрым тилкелеринде транспорт кыймылы убактылуу чектелет, — деп билдиришти калаа мэриясынан.
Тактап айтканда, төмөнкү тилкелер жабылат:
- Чүй кең көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү;
- Орозбеков көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Мэрия шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен кароого, каттамдарды алдын ала пландаштырууга жана мүмкүнчүлүккө жараша башка айланма жолдорду колдонууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом