Жаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя бергенТажикстанда ЖККУнун атайын бөлүктөрүнүн «Кобальт-2026» машыгуусу өтөтЧума: Саламаттык сактоо министрлиги оорунун белгилери жана алдын алуу чаралары тууралуу айтып берди
Камчы Көлбаевге 10 млн сомдук жерди берген делип Чолпон-Атанын мурдагы мэри кармалды (видео)
12.02.2024 | 11:48
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри Б.И. (Бердибек Иманбеков) кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, Иманбеков кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевге Чолпон-Атадан баасы 10 млн сом болгон жерди берген деп шектелүүдө.
УКМК билдиргендей, Иманбековдун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, ок атуучу куралдын ок-дарылары табылып алынган. Ал соттун чечими менен 1 айга камакка алынды.
Ошондой эле аталган иштин алкагында “Кадастр” мекемесинин Ысык-Көл району боюнча бөлүмүнүн адиси М.Т. кармалган.

Чолпон-Атанын мурдагы мэри кылмыштуу жолдон баш тартканын билдирди (видео)