Атамбаев Айсулуу Тыныбековага бриллиант шакек белек кылды (видео)

Атамбаев Айсулуу Тыныбековага бриллиант шакек белек кылды (видео)

Ишкер Жалил Атамбаев аялдар күрөшү боюнча Азиянын жана Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага бриллиант шакек белек кылды.  Белек тапшыруу учурунда тартылган видео интернетке жарыяланды.

Тасмада Жалил Атамбаев спортчу кыздын машыктыруучусуна чепкен жаап, ал эми Айсулуу Тыныбековага бриллиант шакек белек кылып, турмушка чыгарда сөйкө тагабыз деп  убада кылганын көрүүгө болот.

Тыныбекова 20-сантябрда  Казакстандын Нур-Султа шаарында өткөн кыз-келиндер арасындагы күрөштүн финалдык беттешинде болгариялык балбан Тайбе Мустафа Юсейнди 5:3 эсеби менен жеңип, алтын медалга ээ болгон.

25-сентябрда, президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекова менен жолугушуп, Тыныбековага үч бөлмөлүү батир, машыктыруучусуна акчалай сыйлык тапшырган.

2018-жылы өткөн Азия оюндарынын финалдык беттешинде Айсулуу Тыныбекованы жеңип алган монголиялык балбан Орхон Пуревдордун допинг колдонгону аныкталган. Ал эми бүгүн 26-сентябрда ага берилген алтын медал Айсулуу Тыныбековага ыйгарылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>