Өзбекстан менен чек арадагы үч өткөрүү пункту күнү-түнү иштөө режимине өттүДепутат автоунаалардын алдыңкы айнегине термалдык пленка чаптоого уруксат берүүнү сунуштадыКУУнун журналистика факультетинин деканы жаштар Жеңиш тарыхын кандай кабыл алары тууралуу айтып бердиТаластагы «Беш-Таш» жаратылыш паркына асма жол курулатДепутат Кашка-Суудагы адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгынан кийин чиновниктерди жазалоону талап кылдыАйлыктын аздыгынан Кыргызстандын мектептеринде аскердик даярдыктан сабак бере турган эч ким калбай баратат
Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу Кой-Таш боюнча соттук отурум кайрадан жылдырылды
27.04.2020 | 12:47
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу Кой-Таш окуясы боюнча 27-апрелге белгиленген соттук отурум кайрадан жылдырылды.
Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.
Анын айтымында кийинки соттук отурум 29-апрель күнү саат 10:00гө белгиленген.
Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 22-апрелде белгисиз себептерден улам соттук отурумга катышуудан баш тартканы үчүн, отурум 27-апрелге жылдырылган эле.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларында Ички иштер министрлигинин атайын операциясы менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат