Атамбаевдин жубайы милицияга арыз менен кайрылган, бирок ага кылмыш иши козголгон жок

Атамбаевдин жубайы милицияга арыз менен кайрылган, бирок ага кылмыш иши козголгон жок

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева милицияга арыз менен кайрылып, бирок ага кылмыш иши козголгон эмес. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«30-майда Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө ошол эле күнү саат 12.30дар чамасында белгисиз адамдар Кой-Таш айылында жайгашкан үйгө сырткы эшиктин кулпусун тешип, мыйзамсыз кирип кетишкендиги тууралуу билдирүү түшкөн.  Окуя болгон жерге келген ыкчам топ арыз ээсинин арызын кабыл алган», — деп айтылат маалыматта.

Бирок тергөөгө чейинки текшерүү үйдүн азыркы ээси Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун атынан мамлекет экенин көрсөткөн.

Бул күнү Фонддун өкүлдөрү Сот аткаруучулар кызматынын жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери менен биргеликте объектти мамлекеттин менчигине алуу жол-жоболорун аяктоо үчүн келишти. 1-июнда Аламүдүн РИИБ тарабынан аталган фонддун, ПМКнын жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынганын ИИМ билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>