«Алтын балалык” борборунда аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары эс алып башташты

«Алтын балалык” борборунда аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары эс алып башташты

Бүгүн, 1-июнда Чолпон-Ата шаарында реконструкциялоодон кийин ишин баштаган “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексинде бүгүнтөн баштап 15-сентябрга чейин республиканын ар кыл райондорунан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн балдар келип эс алып турушат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров борбордун ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымында, ар он күн сайын 250 бала кабыл алынып турат.

«Комплекстин долбооруна ылайык, бир эле мезгилде 400 бала энелери менен кабыл алынышы каралган. Ошондой эле комплекстин медициналык илим изилдөө бөлүмү да иш алпарат. Ушул багыттагы иш-аракетерибиздин бири болгон «Ден соолук» медициналык-реабилитациялык комплекси ишин ийгиликтүү баштап кетсин! Дарыланууга келген балдарыбыз сак-саламат сакайып чыксын деп тилек кылалы», — деди өлкө башчы.

Президент ошондой эле комплекстин долбооруна ылайык, бир эле мезгилде 400 бала энелери менен кабыл алынышы каралганын айтып, комплекстин медициналык илим изилдөө бөлүмү да иш алпарарын белгиледи. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>