Улуттук банктын төрагасын беш жылга шайлоо сунушталууда

Улуттук банктын төрагасын беш жылга шайлоо сунушталууда

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук банк тууралуу мыйзам долбоорун карап жатышат. Документте, атап айтканда, Улуттук банктын төрагасы жети жылга шайланат деп жазылган.

Депутат Дастанбек Жумабеков бул мөөнөттү беш жылга кыскартууну сунуштады.

«Балким, беш жылга кыскартсак болот? Анткени президент дагы беш жылга шайланат. Бул мөөнөттөн ашпашы керек. Мен Улуттук банктын жетекчисин шайлоонун мөөнөтүн кыскартууну сунуштайм», — деди ал.

Улуттук банктын башчысы Кубанычбек Бөкөнтаев мындай норма азыркы мыйзамдарда жазылган деп жооп берди. Анын айтымында, Улуттук банктын ишинин принциптери эл аралык практикадан алынган.

«Жети жылдык мөөнөт кокусунан аныкталган эмес. Ал банктын көз карандысыздыгын сактоо максатында түзүлгөн», — дейт Кубанычбек Бөкөнтаев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>