Атасына болушуп, милицияны тепкен баланын видеосу: Милиция үн катты

Атасына болушуп, милицияны тепкен баланын видеосу: Милиция үн катты

Жалал-Абад облустук милициянын маалымат кызматы соцтармактарга тарап, коомчулукта резонанс жараткан видео боюнча үн катты.

Белгилүү болгондой, 27-мартта соцтармактарга милициянын атайын багыттагы кызматкерлери бир жаранга күч колдонуп кармап жатканда, аны көрүп калган баласы атасына болушуп, кызматкерлерди секирип тепкени тартылган видео тараган. Видеодон көрүнгөндөй, атайын багыттагы кызматкерлер баланы ур-тепкиге алган. Ошол учурда атасынын баласына тийбегиле деп айтып жатканын угууга болот. Видео соцтармактарга тарагандан кийин коомчулук атайын багыттагы кызматкерлердин иш-аракетин сынга алган.

Милициянын маалыматы боюнча, 4-мартта Кочкор-Атада жеке күзөт кызматкери таш, кирпич, таяк менен куралданган 6 жаран тарабынан сабалган. Бул окуя боюнча Ноокендин милициясына күзөт кызматкерин ур-тепкиге алган адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Бул ишке шектүүлөрдүн бири 40 жаштагы Н.С. аттуу жаран болгон. Ал тергөөгө бир нече жолу чакырылып, бирок суракка келбей жүргөн.

27-мартта кечки маал аталган шектүү милиция тарабынан кармалган. Кармоо учурунда кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына баш ийбегендиктен, кара күч колдонулган.

Ошол учурда шектүүнүн 2006-жылы туулган баласы окуяга аралашып, кызматкерлерди тээп жиберген. Бул окуя боюнча милиция тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.

Милициядан белгилешкендей, окуядан кийин жаш жигит кое берилген. Башында кызматкерлер ал бала шектүүнүн уулу экенин билишкен эмес.

Ал эми 40 жаштагы Н.С. убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

4-мартта болгон окуянын видеосу

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>