Балыкчыда 11 жаштагы кызды сүзүп кеткен милиция кызматкери бошотулду

Балыкчыда 11 жаштагы кызды сүзүп кеткен милиция кызматкери бошотулду

Балыкчы шаардык милициянын мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев эч жакка чыкпоо шарты менен абактан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты Ысык-Көл облустук сотунан ырастады.

Эки тарап жарашып алгандыгына байланыштуу шаардык сот 26-март күнү кылмыш ишин токтотуп, шектүүнүн бөгөт чарасын өзгөрттү.

Эскерте кетсек, Бектур Осмонбаев 26-январда Балыкчыда кызматтык унаасы менен 11 жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен. Аны менен унаада болгон иниси Бекзат Казаков алгач күнөөнү өз мойнуна алууга аракеттенген. Коомчулуктук басымынан кийин гана аймактык укук коргоо органдары Бектур Осмонбаевди кармайт.

Окуядан кийин ал шаардык милициянын башчылыгынан алынат.

11 жаштагы кыз бутунан оор жаракат алып, ага Бишкекте операция жасалат. Атасы Максатбек Байгазиевдин айтымында, кызы бир топко чейин баса албайт.

Балыкчыдагы жол кырсыгы. Кыздын атасы эмнеге тосмо арыз жазганын айтты

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>