Атазов: Шайлоо одоно мыйзам бузуулар, ыплас технологиялар менен өттү

Атазов: Шайлоо одоно мыйзам бузуулар, ыплас технологиялар менен өттү

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттыгына бир мандаттуу №8 Төлөйкөн шайлоо округунан ат салышкан Шайлообек Атазов округдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сотко кайрыларын «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты.

Ал билдирүүсүндө бардык маселени мыйзамдуу жол менен чечүүгө аракет кылаарын белгилеген.

«Урматтуу калайык калкым! Кымбаттуу шайлоочулар! Кечээ күнү өткөн шайлоодо мага добуш берген ар бириңиздерге терең таазим кылам. Сиздер мени таза ниет, аруу сезим менен шайладыңыздар. Келечектен үмүт кылдыңыздар. Бирок бир мандаттуу №8 Төлөйкан шайлоо округу боюнча шайлоо одоно мыйзам бузуулар, ыплас технологиялар менен өттү. Бул боюнча бизде тиешелүү видео, аудио фактылар бар. Элибиздин аруу тилектерин тебелешти! Мага добуш берген 17 миңге чукул карапайым элимдин ар бир добушу үчүн күрөшөм!»,- деп жазган ал.

Айта кетсек, бир мандаттуу №8 Төлөйкан шайлоо округу боюнча шайлоого катышкан Шайлообек Атазов БШКнын алдын ала жыйынтыгы боюнча 16 мин 971 добуш алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>