Аткезчилик: Бадыраң менен жер семирткич алынып бара жаткан жеринен кармалды

Аткезчилик: Бадыраң менен жер семирткич алынып бара жаткан жеринен кармалды

14-15-апрель күндөрү Баткен облусу боюнча башкармалыгы чек арадан мыйзамсыз түрдө жүк алып өтүү иштери катталды. Бул туурасында Чек ара кызаматынан билдирди.

Маалыматка караганда, 14-апрель күнү Баткен районунун Чоң-Талаа аймагында кыргыз жарандары 1987-жылы туулган Б.Э. жана 1992-жылы туулган Г.М.у.нун башкаруусундагы эки Хундай Портер үлгүсүндөгү унаа кармалган. Тажикстанда өстүрүлгөн 2400 килограммдан ашык бадыраңды Тажикстандан Кыргызстанга алып келүүгө аракет кылган.

15-апрель күнү Баткен районунун Ак-Турпак айылында чек ара тозотунун кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган КР жараны О.А.нын башкаруусундагы Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа кармалган. Унаа кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасына жакын жерде болгон.

Унааны текшерүү учурунда Өзбекстандан чыгарылган 2250 кг селитра жана 100 кутудан ашык таттуулар Өзбекстандан чыгарылып, Кыргызстандын аймагына андан ары сатууга багытталган.

Эки учурда тең тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган айдоочулар, транспорт каражаттары жана жүктөрдү кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>