Быйыл иш менен камсыз кылуу кызматтарында 100 миңден ашык жаран каттоодо

Быйыл иш менен камсыз кылуу кызматтарында 100 миңден ашык жаран каттоодо

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо 101,7 миң адам турган, алардын ичинен 76,9 миң адам расмий жумушсуз статусуна ээ. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Улутук статистика комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанда экономикалык жактан активдүү калк 2 млн 595,4 миң адамды, ал эми иш менен камсыз болгон калктын саны 2 млн 445,2 миң адамды түзөт.

«Биринчи кварталда республика боюнча жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын санынын 3%ын түздү», — деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, Иш менен камсыз кылуу кызматына билдирилген бош жумуш орундарынын саны 4,9 миң бирдикти түздү, алардын ичинде жумушчу адистиктерге суроо-талап басымдуулук кылды. Бир бош жумуш ордуна 28 адам талапкер болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>