«Аврора» пансионаты боюнча 2 фигурант кармалды

«Аврора» пансионаты боюнча 2 фигурант кармалды

“Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча “Дача-Су”, “Аврора” пансионатынын аймагынан кыймылсыз мүлктү улутташтыруудан чыгаруу жана июнь окуялары боюнча кылмыш иштерин иликтөө уланууда жана алар учурда жыйынтыкталуу алдында турат.  Бул туурасында өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө “Аврора” пансионатынын аймагындагы кыймылсыз мүлктү улутташтыруудагы коррупция фактысы боюнча, негизинен «Аврора+» пансионатында коттедждерди жана жер тилкелерин   улутташтырылган мүлктөр тизмесинен чыгаруу жана үчүнчү тарапка сатуу боюнча эки фигурант кармалды. Тергөөнүн маалыматы боюнча, кармалгандар тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүүдө.

“Дача-Су” иши боюнча тергөө аяктоо алдында, жакын арада анын жыйынтыктары коомчулукка ачыкталат.

Июнь окуялары боюнча тергөө улантылууда жана анын жыйынтыгы да жакында коомчулукка маалым болот.

Кармалган фигуруранттардын аттары аталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>