Яндекс Кыргызстан Top Employer 2026 макамына татыдыПашинян Армениянын ЖККУдан чыгарылышы мүмкүн экендиги боюнча пикирин билдирдиБишкек мэриясы «Манас» университетинин тосмосун бузууну мыйзамдуу деп атадыНарын шаарында 100 орундуу жаңы төрөт үйү курулуудаКамчыбек Ташиевдин жана башка саясатчылардын соту эми ачык түрдө өтөрү айтылуудаГрузиянын премьер-министри Кыргызстанга алгачкы расмий сапар менен келди
Автобус айдоочулары үчүн накталай акча чогултуу боюнча план жокко чыгарылды
02.12.2024 | 18:00
Бишкектеги автобустардын айдоочулары үчүн накталай акча чогултуу боюнча план жокко чыгарылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ошол эле учурда мэрия автобуска канча жүргүнчү түшкөнүн атайын система аркылуу эсептеп, накталай төлөмгө көзөмөл күчөтүлөрүн белгиледи. Жол кирени накталай төлөгөн жүргүнчүлөр менен түшкөн акчанын ортосунда айырмачылык аныкталса, айдоочуларга чара көрүлөт.
Эскерте кетсек, буга чейин коомчулукта автобустун айдоочулары накталай акча чогултуу боюнча планды аткаруу үчүн жарышка түшүп жатканы, ал автобустардын жол кырсыкка кабылышынын себептеринин бири экени айтылып келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом