Кыргызстан менен Россия өнөр жай кызматташтыгын күчөтүүдө

Бүгүнкү күндө Россия менен Кыргызстандын кызматташтыгы салттуу сооданын чегинен чыгып, өнөр жай кооперациясына, биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө, ишканаларды локалдаштырууга жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталууда.
Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ПМЭФ-2026 (Петербург эл аралык экономикалык форуму) алкагындагы «Россия — Кыргызстан» бизнес-диалогунда билдирди.
Белгилей кетсек, бул Кыргызстандын ПМЭФке алгачкы толук кандуу катышуусу.
Өз сөзүндө Амангелдиев Кыргызстан өнөр жайды, курулушту, тейлөө чөйрөсүн, санариптик экономиканы жана транспорттук инфраструктураны активдүү өнүктүрүү менен туруктуу экономикалык өсүштү колдоп жатканын белгиледи. Негизги артыкчылыктарга реалдуу секторду өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана заманбап технологияларды киргизүү кирет.
Ал энергетикага өзгөчө көңүл бурду.
«Кыргызстан эбегейсиз гидроэнергетикалык потенциалга ээ жана «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушун, ошондой эле чакан жана орто гидроэлектр станцияларын жана кайра жаралуучу энергия булактарынын объекттерин куруу долбоорлорун туруктуу илгерилетүүдө», — деди ал.
Амангелдиев ошондой эле транспорт жана логистика кызматташуунун маанилүү багыттары бойдон калып жатканын баса белгиледи.
«Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду «Кокча-Гүз» соода-логистикалык борборунун курулушун ишке ашырды. Орус тарап менен биргеликте Ысык-Көл облусунда күн жана шамал электр станцияларын куруу долбоорлору ишке ашырылууда, ал эми Баткен облусунда газобетон өндүрүүчү завод куруу пландалууда», — деп кошумчалады Минкаб башчысынын биринчи орун басары.
Аймактын транспорттук потенциалын кеңейте турган, жүктөрдү жеткирүү мөөнөтүн кыскартып, жаңы өнөр жай-логистикалык кластерлерди өнүктүрүүгө шарт түзүүчү «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча стратегиялык долбоорго өзгөчө көңүл бурулду.
Туризм, ЕАЭБ алкагындагы өнөр жай кызматташтыгы, экономиканы санариптештирүү жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттар катары белгиленди. Кыргызстан маалымат технологиялары, жасалма интеллект, электрондук коммерция жана финансылык технологиялар жаатында россиялык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө кызыкдар.
Сөзүнүн аягында Данияр Амангелдиев Кыргызстандын инвестициялар жана узак мөөнөттүү өнөктөштүк үчүн ачык экенин ырастады.