Окуучулар кабылган жол кырсык: Жабыркаган балдардын саны өстү

Окуучулар кабылган жол кырсык: Жабыркаган балдардын саны өстү

20-апрель саат 15:00гө карата мектеп окуучуларынын катышуусундагы жол кырсыгынан жабыркап, саламаттыкты сактоо уюмуна жаткырылгандардын жалпы саны 21 адамды түздү (20 бала жана 1 чоң адам). Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Шаардык балдар клиникалык ооруканасында ар кандай жаракат алган 20 бала жатат, алардын төртөө жандандыруу бөлүмүндө, үч баланын абалы туруктуу оор деп бааланса, бир баланын абалы өтө оор.

Ооруканага жаткырылган калган балдардын абалы туруктуу, алган жаракаттарынын оордугуна туура келет, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, бардык керектүү медициналык жардамдарды алууда.

Кырсыктан жабыркаган бир адам «Тез жардам» ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Абалы оор деп бааланууда (баш мээнин жаракаты, жамбаш сөөктөрүнүн сынышы). Керектүү дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү.

Эскерте кетсек, Сокулук районунун тез жардам кызматына кырсык тууралуу билдирүү саат 11:15тер чамасында түшүп, чакырууга эки бригада жөнөтүлгөн. Алгач алар тез жардам кызматы жана жеңил автоунаалар менен №1 шаардык клиникалык ооруканага жеткирилип, андан соң Бишкек шаарындагы Медициналык жардам борборунун бригадалары аркылуу балдар шаардык балдардын тез жардам ооруканасына жеткирилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>