Бишкекте зер буюмдарын жасаган жашыруун цех аныкталды

Бишкекте зер буюмдарын жасаган жашыруун цех аныкталды

Бишкекте зер буюмдарын жасоо жана маркалоо боюнча жашыруун цех аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

А.С.А. жана А.З.Т. аттуу жарандар Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинде маркалоонун милдеттүү жол-жоболорун кыйгап өтүп, тиешелүү салыктарды төлөөдөн качып, баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүнү уюштурушкан.

Аталган факты боюнча 18-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 236-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча иш козголгон. Ал эми 19-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунан алынган чечимдин негизинде уюштуруучулар А.С.А. жана А.З.Т. цехинде, жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Натыйжада зергер буюмдарын жасоого жана маркалоого зарыл болгон ар кандай жабдуулар, ошондой эле жалпы салмагы 23,5 килограммга жакын күмүш зер буюмдар табылган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн жана бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Бишкек цех

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>