Догдуркүл Кендирбаева Кочкордогу мектепке күтүүсүз барды

Догдуркүл Кендирбаева Кочкордогу мектепке күтүүсүз барды

Бүгүн, 2-октябрда билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева Нарын облусунун Кочкор районундагы Семиз-Бел айылындагы А.Бостонов атындагы орто мектепке күтүүсүз барып, анын иши менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Маалыматка караганда, министрдин милдетин аткаруучу 11 жана 6-класстардын тарых, англис тили сабагына кирди, андан соң орус тили сабагына катышып, балдар менен баарлашты.

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева мугалимдер жамааты менен жолугушуп, аймактардагы билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, алдыңкы методикалык ыкмаларды өздөштүрүү тууралуу пикир алышуу болду.

“Мугалим балдарды билим алууга шыктандыруусу керек, сабак өтүүдө жаңы ыкма, технологияларды колдонуубуз зарыл. Мугалим комиссия үчүн жасалма сабак өтпөстөн, ар бир сабакка чыгармачыл мамиле жасоону адатка айлантуусу тийиш”, — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>