БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтоттуКыргыз элинин мурастарынын энциклопедиясын түзүү долбоору башталдыКРде жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиясы иштелип чыгат2026-жылдын биринчи жарымында өлкөгө 709,9 млн доллар инвестиция тартылган7-ноябрда өлкөдө күн ачык жана жылуу болот«Бул сыйлык меники эле эмес» — Зухра Шидакова Достук ордени жөнүндө
Автоунаалардын кузовун импорттоого убактылуу тыюу салынды
11.03.2025 | 17:44
Автоунаалардын кузовдорун Кыргызстанга ташып келүүгө 6 айга тыюу салынды. Бул туурасындагы Министрлер кабинетинин токтому “Эркин-Тоо” гезитинин санына жарыяланды.
Токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев 7-мартта кол койгон. Токтом расмий жарыяланган баштап 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
Токтомго ылайык, бул тыюу “ДТ Техник”, “ТНК “Шумкар”, “Жису”, “Шунфа”, “Мурат авто” , “Кыргыз Унаа Курулуш”, “Меридиан Голд” компаниялары тарабынан ташылып келинген, Кыргызстандын аймагында автотранспорт каражаттарын өндүрүү жана чогултуу үчүн арналган кузовдорго тиешелүү эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом