Аял кишини сабап, акча опузалаган УКТнын мүчөсү кармалды (видео)

Аял кишини сабап, акча опузалаган УКТнын мүчөсү кармалды (видео)

Аял кишини сабап, акча опузалап жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, 39 жаштагы Н.О. уулу аттуу шектүү кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болуп саналат. Акча опузалоо фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 8-бөлүгүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында Н.О. уулу акча алып жаткан жеринен кармалган. Маалым болгондой, ал мурда үч жолу соттолгон. Азыркы тапта №31 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан.

«Ал акыркы алты ай бою шантаж жана күч колдонуп, зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен жабырлануучудан дайыма акча каражатын алып турган», — деп айтылат маалыматта.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда ыкчам-тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>