Нарындагы төрөт үйү 10 млн сомго оңдолот

Нарындагы төрөт үйү 10 млн сомго оңдолот

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн имараты оңдолот. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Белгилүү болгондой, мындай чечим 8-августта «Тенир Тоо» өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин отурумунда кабыл алынган. Фонддун эсебинен оңдоо иштерине 10 млн сомго бөлүнөт.Байкоочу кеңештин мүчөлөрү отурумдан кийин ремонт жасала турган имаратты жеринде көрүшкөн.

Төрөт үйүнүн терезе-эшиктерин, таза суу, канализация системасын толугу менен алмаштыруу жана косметикалык ремонт иштерин жүргүзүү керек.

Маалыматка караганда, буга чейин «Тенир Тоо» өнүктүрүү фондунун эсебинен 2 млн 987 миң сомго төрөт үйдүн чатыры алмаштырылган. Андан тышкары, облустук оорукананын Жандандыруу бөлүмүндө капиталдык ремонт иштери жүргүзүлгөн. Ага фонддон 3 млн 373 миң сом берилген.

«Байкоочу кеңештин мүчөлөрү Жандандыруу бөлүмүндө жүргүзулгөн ремонт иштеринин сапатына жакшы баа беришти. Ал эми төрөт бөлүмүнүн чатырындагы жумуштарда айрым кемчиликтерди белгилеп, калыбына келтирүү сунушун билдиришти», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>